Изденүүчүлүк

Изденүүчүлүк

Ош мамлекеттик университетинде илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндөгү» Жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Жогоруда аталган Жобого ылайык 2018-жылдан бери илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн конкурстук негизде документтер 1 (календардык жыл) жылда 1 гана жолу (февраль, март) кабыл алынат. Бул үчүн аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан университеттин сайтына жарыя берилет. ЖОЖдун окумуштууларынан түзүлгөн конкурстук комиссия тиешелүү адистиктер боюнча талапкерлердин документтерин карап чыгып Окумуштуулар кеңешине сунуштагандан кийин изденүүчүлөр 5 жылга тиешелүү кафедраларга изденүүчү катары бекитилет. Бекитилген докторлдук диссертациялардын темалары КРдин УАКтын реестрине протоколдун көчүрмөсү менен жайгаштырылуусу шарт. 

Изденүүчүлөр илимий темаларынын үстүнөн өз алдынча иштешет. Илимий темаларын илимий кеңешчисиз да беките алат. Жыл сайын бекитилген тиешелүү кафедраларга өз алдынча отчетторун тапшырып турушат.

2024-жылда 4 – медицина, 2 – юриспруденция, 2 – филология, 1 – экономика, 1 – тарых, 1 – психология, 1 – педагогика, 1 айыл чарба багыттары боюнча жалпы 13 изденүүчүнүн илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүү үчүн диссертациялык иштеринин темалары бекитилди.Жалпысынан 2020-жылдан бери ОшМУда 58 илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн изденүүчүлөрдүн илимий темалары бекитилген.

 

Докторлук теманы бекитүү боюнча арыздын үлгүсү

Докторлук диссертациянын темасын бекитүү үчүн керектелүүчү документтер