Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Университет Структуралар Факультеттер Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Адрес Масалиев пр. 91а, Ош ш., 714000,
Телефон 0(32 22)8-76-93
Факс
Веб-сайт http://filolog.oshsu.kg.
E-mail

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин тарыхы 1951-жылы Ош педагогикалык институтунун базасында ачылган кыргыз тили, адабияты адистигинин күндүзгү бөлүмүнөн башталат. 1992-жылдын 2-июлдагы  № 224/4 буйругу менен күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнөн турган кыргыз филологиясы  факультети уюшулган. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечими менен курамына журналистика бөлүмү кошулуп, кыргыз филологиясы жана журналистика факультети деп өзгөртүлүп түзүлгөн.

2014-жылы эки баскычтуу билим берүү алкагында магистратура бөлүмү ачылган.

Факультет университеттин структурасындагы бир бөлүк катары ишмердүүлүгүн ОшМУнун Уставына ылайык жүргүзөт. Өзүнүн окуу корпусу, мөөрү жана башка реквизиттери бар.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети ОшМУнун миссиясына ылайык иш алып барат.

Факультеттин стратегиялык максаттары төмөнкүлөр:

  • Филология, филологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланышта болгон журналистика тармактарында сапаттуу профессионалдык жөндөмдүү адистерди даярдоодо билим берүүнүн эффективдүү интеграцияланган системасын өнүктүрүү; 
  • Фундаменталдуу жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
  • Чет элдик өнөктөштөр менен  эл аралык байланыштарды бекемдөө;
  • Билим берүү процессинде жеке инсандын профессионалдык жана чыгармачылык өсүп-өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.

Факультеттин жетишкендиктери:

Факультет ОшМУнун көптөгөн жылдар бою топтогон мыкты салттарын карманат. Кесиптик чеберчилиги мыкты окутуучулук-профессордук курамга ээ (диссертациялык кеӊештердин мүчөлөрү, билим берүү программалары боюнча эл аралык, улуттук тренерлер, аккредитациялык агенттиктердин эксперттери бар).

Кыргызстандын түштүк регионундагы журналистика боюнча адистерди даярдоочу жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Факультетте төмөнкүдөй билим билим берүү программалары бар:

  • 550300 – филологиялык билим берүү (бакалавр)
  • 550300 – филологиялык билим берүү (магистратура)
  • 531000 – филология (магистратура)
  • 530600 – журналистика (бакалавр)

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы: Турганбаев Нурмамат Орозович

Илимий даражасы: филология илимдеринин кандидаты, доцент

Электрондук дареги:  nturganbaev@oshsu.kg

Байланыш номерлери: 0772270087, 0552270087
 

Фото галерея