ОшМУнун окутуучулары бир нече номинациялар боюнча таймашууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары бир нече номинациялар боюнча таймашууда

Image

ОшМУда эмгектенген окутуучулар арасында "ОшМУнун заманбап лектору", "ОшМУнун заманбап окутуучусу", "Педагогикалык дебют" жана "ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери" номинациялары боюнча мыктылар тандалууда.

Сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулууда. Максаты — окутуучулардын кесиптик компетенциясын өркүндөтүү, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мыкты педагогикалык тажрыйбаларды бөлүшүү. 

Бүгүн, 28-апрелде Тарых- юридика институтунун мамлекет жана укук теориясы кафедрасынын улук окутуучусу Максат Жолдошов  жана Финансы-юридикалык колледжинин табият таануу ПЦКсынын окутуучусу Зейнегүл Кудайберди кызы ачык сабактарды өттү. Алар "ОшМУнун заманбап лектору-2025"  жана  "ОшМУнун заманбап окутуучусу-2025" номинациясынын алкагында катышууда. 

Сынак ушул жобонун алкагында өтүп жатат.

Фото галерея