«Ноокат» гимназиясы

 «Ноокат» гимназиясы

 «Ноокат» гимназиясы 2018-жылдын 26-майында университеттин ректорунун демилгеси менен ОшМУнун «Билим» лицейинин базасында ачылып, бүгүнкү күндө сапаттуу билим берүүнүн үлгүлүү борборлорунун бири болуп саналат.

Биз кимдерди кабыл алабыз?

Гимназияга 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар кабыл алынат. Ар бир балага жекече мамиле жасалып, анын билим алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн.

Кошумча мүмкүнчүлүктөр

Негизги билим берүү программасынан сырткары:

  • Түрк тили
  • Араб тили
  • Менталдык арифметика
  • ЖРТга даярдоо ийримдери

Бул сабактар окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, келечекте ийгиликтүү болуусуна өбөлгө түзөт.

Биздин миссия

Ар бир окуучуга сапаттуу билим берүү менен катар, улуттук баалуулуктарды сыйлаган, заманбап ой жүгүрткөн, жоопкерчиликтүү жана мекенчил инсанды тарбиялоо.

Биздин максаттарыбыз

✔ Ар бир окуучунун билим деңгээлин жогорулатуу жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү
✔ Мекенчилдикти, эмгекчилдикти жана жоопкерчиликти калыптандыруу
✔ Чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү
✔ Мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук менен тыгыз кызматташуу
✔ Заманбап технологияларды колдонуу аркылуу билим сапатын жогорулатуу
✔ Коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү

Эмне үчүн «Ноокат» гимназиясы?

Бул — баланын келечегине жасалган ишенимдүү инвестиция. Биз билим берүүнүн сапатына, тарбиянын күчүнө жана ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө ишенебиз.

«Ноокат» гимназиясы — ийгиликтүү келечекке карай ишенимдүү кадам!

 

Фото галерея