Университет Структуралар Жетекчилик Орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштоо боюнча проректор

Орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору

Адрес Ош шаары, Ленин көчөсү 331
Телефон 0(3222) 7-35-18 0777 31-38-30
Факс 0(3222) 7-09-15
Веб-сайт
E-mail erkebaev1962@oshsu.kg

Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич

Туулган күнү, айы, жылы: 21-октябрь 1962-жыл

Туулган жери: Ош облусунун Араван районунун Араван айылында туулган

Билими: Жогорку билимдүү

1986-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган

1991-1994-жылдары Өзбек Илимдер Академиясынын Ботаника институтунда аспирантурада күндүзгү бөлүмдө окуган жана 1995-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган

Эмгек жолу:

2019-жылдан азыркы учурга чейин  ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректор кызматын аркалап келет.

2016-2019-жылдары  ОшМУнун  ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору.

2011-2016-жылдары Ош МУнун экономика жана финансы иштери боюнча проректору.

2010-2011-жылдары Ош МУнун окуу иштери боюнча проректору.

2010-жылы ОшМУнун сырттан окуу боюнча проректору.

2009-2010-жылдары ОшМУнун финансы-юридикалык коллежинин директору.

2008-2009-жылдары ОшМУнун жаңы информациялык технологиялар департаментнин директору.

2003-2009-жылдары доцент, ЖБД жана БОУ кафедрасынын башчысы.

2002-жылдары доцент, КГЮА ЮРИнин окуу бөлүмүнүн начальниги.

1998-2002-жылдары доцент, ОшМУнун табият таануу факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары.

1996-1998-жылдары доцент, ОшМУнун табият таануу факультетинин деканынын илимий иштери боюнча орун басары.

1996-2002-жылдары ОшМУнун ботаника кафедрасынын ага окутуучусу.

1994-1996-жылдары ОшМУнун ботаника кафедрасынын окутуучусу.

1991-1994-жылдары Өзбек илимдер академиясынын күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты, Ташкент шаары.

1990-1991-жылдары  Жаратылыш бирикмелеринин химиясы лабораториясы инженер, ЮКУНЦ.    

1989-жылы Ош мамлекеттик педегогикалык институтунун химия кафедрасынын лаборанты.

1986-1989-жылдары Ноокат районундагы Н. К. Крупская атындагы орто мектебинин биология мугалими.

Ош шаардык кеңешинин депутаты

Сыйлыктары:

ОшМУнун мактоо грамотасы,  1999, 2005 –жылдар.

Ош шаардык кеңешинин жана Мэриянын мактоо грамотасы 2001, 2017-ж.

 КРнын  Билим берүү жана илим  министрлигинин мактоо грамотасы, 2006-ж.

 КРнын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, 2011-ж.

 “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук кыймылынын мыктысы” төш белгиси, 2014-ж.

Илимий эмгектери:

30 дан ашык илимий макалалардын, 4 окуу усулдук басмалардын автору.   

Фото галерея