Менин атым Айтунук. ОшМУнун журналистика кафедрасынын 3-курсунда окуйм. Быйыл Жаңы жылды ата-энем менен айылда, Алайда тостум. Кышкы эс алууда апам менен чогуу нан жаптым. Бул жөн гана үй тиричилиги эмес, апамдын мээримин жана эмгегин терең түшүндүргөн ирмем. Жаңы бышкан нандын жыты үйдү толтуруп, балалык күндөрдү, айылдын жөнөкөй бактылуу турмушун чагылдырат. Мен үчүн нан дайыма апам менен байланыштуу. Апам жапкан нан үй-бүлөбүздүн биримдигин жана сүйүүсүн билдирет.
Ак ун. Апам эрте менен нандын камырын жасоого киришти. Унга чач түшүп калбашы үчүн апам дайыма ак жоолугун салынат.
Ун, сүт, ачыткы, койдун майы, туз. Камыр жууруу үчүн керектүү азыктар даяр.
Биринчи сүрөттө: Апам камырды жууруп баштады.
Экинчи сүрөттө: Унга сүт өлчөмү менен кошулат. Нормадан ашырбай баарын кошуп алып, канчалык көп ийленсе камыр ошончолук ийкемдүү болот.
Камыр жуурууда колдун күчү керек.
Биринчи сүрөттө: Тандырдагы от. Тезектин чогуна бышкан нан даамдуу болот.
Экинчи сүрөттө: Нандын камыры 3 саатта ачыйт.
Бөлүнгөн камырдын салмагы 350-400 грамм.Бөлүнгөн камырдын ар бири колдордун ийкемдүү кыймылы менен тоголок формага келет.
Нан бышканда бир калыпта көтөрүлүүсү үчүн камырды чекичтеп алдык. Апам жасаган камырдан 19 нан, 8 кичине токоч чыкты.
Кызыган тандырга апам нан жаап баштады.Тандырда нанды бычактын учу менен сайып койсо жакшы бышат.
Биринчи сүрөттө: Нан бышты. Эми үзүп алуу керек.
Экинчи сүрөттө: Апам жана анын тандыр нандары
Тандырдан жаңы үзүлгөн ысык нанды сары май менен жеген өзгөчө даамдуу.
Даярдаган: Айтунук Мамытова Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенти