Элвира Жусуева ОшМУнун искусство жана журналистика факультетинин «Интерьер Дик дизайнер» адистигинин студенти. Элвира 6 жашынан сүрөт тартууга кызыга баштаган. 13 жашында кесипкөй сүрөтчүлүккө жол алган. Бул чыгарылыш жаш сүрөтчү Элвира Жусуева жана анын чыгармачылыгы тууралуу болот.
Сүрөттө Элвира Жусуева
![]()
Элвира Marvel Comics баатыры Капитан Американын сүрөтүн “ЮгПлаза” соода борборунун дубалына тарткан. Бул чыгармасын ал 14 күндө бүтүргөн. Учурда Элвира балдарга жана чоңдорго сүрөт тартууну үйрөтүп, чыгармачылык мастер-класстарды жана арт кечелерди уюштурат.
![]()
Элвира интерьерлерди декоративдүү тартуу менен алектенип, мейкиндикке көркөмдүк жана өзгөчөлүк киргизгенге аракет кылат.
![]()
Оштогу “GameX cinema” антикино клубунун дубалына америкалык эпикалык илимий-фантастикалык фильмдин каарманын төрт күндө тартып бүтүргөн.
![]()
“Искусство жөн гана иш эмес, бул жашоо образы. Бул адамдарды шыктандыруунун, алардын чыгармачылык потенциалын ачууга жардам берүүнүн жана өз колдору менен өзгөчө нерселерди жаратуунун жолу”,- дейт жаш сүрөтчү. Элвира буюртма менен дубалдарга сүрөт тартуу, жасалгалоо менен каражат табат.
![]()
Элвира түрдүү материалдар жана стилдер менен иштөө – бул чакырык жана ошол эле учурда кубаныч экенин жакшы билет.
“Роспись – бул жөн гана искусство эмес, күнүмдүк жашоого өзгөчө жана кооз бир нерсе киргизип, адамдарды күн сайын шыктандыруунун жолу дейт”,- Элвира.
Даярдаган: Мыктазарова Бегимай Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенти