ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин деканын шайлоо өтөт

Башкы Жарыялар

ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин деканын шайлоо өтөт

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун  №5810-ФХД/22 буйругунун негизинде, уюштуруу комитети түзүлдү. 
Уюштуруу комитетинин төрагасы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Замирбек Божонов.
Факультеттин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун окумуштуу катчысы Дж.Асанбекова, ОшМУнун кесиптик кошунунун төрагасы, доцент  А. Э. Саттаров, ОшМУнун укук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы У. С. Суеркулов, Педагогика жана психология факультетинин профбюро төрагасы М.Н.Ислаев, аталган факультеттин доценти А.Закиров  бар. Комиссиянын чечимине  ылайык 2022-жылдын 7-декабрында ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин декандык кызмат орунга конкурстук шайлоо болот. Талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор, талапкерлердин арыздары жана талап кылынуучу документтер 2022-жылдын 3-декабры, саат 12:00гө чейин ОшМУнун башкы корпусунун 128-каанасында кабыл алынат.

 

ОшМУнун факультетинин декандык кызмат ордуна талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышат:

Арыз.

Кадрларды учеттоо боюнча өздүк баракчасы.

Негизги иштеген жеринен окуу, илимий жана коомдук ишмердиги жөнүндө кыскача мүнөздөмө.

Илимий эмгектеринин тизмеси.

Резюме.

Окумуштуулук даражасы тууралуу дипломунун жана окумуштуулук  наамы  тууралуу  аттестатынын көчүрмөлөрү.

Эмгек китепчесинин көчүрмөсү

Платформасы.

Эскертүү: 2,3,4,6,7-пункттарда көрсөтүлгөн документтер негизги иштеген жеринде тастыкталыш керек.

Буйрук