«Кара-Суу» гимназиясы 2018-жылдын сентябрь айында ОшМУнун мурдагы ректору жана мурдагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун демилгеси менен аймактардагы билим берүүнү өнүктүрүү жана кыргыз тилдүү жеке мектептерди көбөйтүү максатында ачылган.
«Кара-Суу» гимназиясы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык билим берет.
Мектепте мамлекеттик программадагы сабактар менен кошо англис жана орус тилдери тереңдетилип окутулат. Андан сырткары, улуттук тарбия, IT, Talking club, развитие речи сыяктуу предметтер кружоктук негизде окутулат.
Миссиясы: Коомдук жана табийгый илимдерди мыкты өздөштүрүү менен бирге адамдык асыл сапаттарды калыптандыруу, заманбап билим менен улуттук баалуулуктарды айкалыштыра алган, жогорку окуу жайда терең билим алууга даяр окуучуларды тарбиялоо.
Максаты: Кылым карыткан маданий баалуулуктарыбызды жогорку адамгерчилик менен айкалыштырган, өзү жашаган заманга шайкеш келген пайдалуу илим-билимге, чыгармачылыкка жана маданиятка ээ инсандарды тарбиялоо.
Материалдык-техникалык база
Окуучулар окуу китептери менен 90% камсыз болгон. Информатика сабагы үчүн бир класс компьютер менен жабдылган.
Маданий –спорттук иш чаралар
Ар тараптуу инсанды тарбиялоону максат кылган “Кара-Суу” гимназиябызда маданий-спорттук иш чараларга басым жасалат.
«Спорт - ден-соолуктун булагы» аттуу долбоордун алкагында окуучулар арасында жумалык футбол, волейбол оюндары, стол тенниси, шахмат, улуттук тогуз коргоол оюну өткөрүлөт. Мугалимдерибиз арасында да футбол, волейбол оюндары ойнотулат. Ар жылы Ош МУ тарабынан өткөрүлгөн спорт жумалыгына мугалимдерибиз катышып, ийгиликтүү орундарды багындырып келишет.
Биздин жетишкендиктер
Жыл сайын окуучуларыбыз олимпиада жана ЖРТ боюнча алдыңкы орундарга жетишип келет. Буга чейинки ЖРТнин эң жгорку упайы 212 баллды түзсө, орточо балл 177 болду. Ал эми эки окуучубуз Алтын тамга артыкчылык атестатына ээ болушкан. Химия, математика, орус тили, биология предметтеринен окуучуларыбыз райондук, областтык турду жеңип өтүп, жыл сайын республикалык олимпиадага катышып келишет.
Жыл жыйынтыгында эң алдыңкы 1 окуучу тандалып алынып, ага гимназиянын ички булагынын эсебинен толук бир жылдык контракт акысы төлөп берилет.
Ош МУнун “Кара-Суу” гимназиясы Кара-Суу районундагы жалгыз кыргыз тилдүү жеке мектеп болуп, окуучуларга ар тараптуу, заманбап билим берип келе жатат.