Түркиядагы Сивас Жумхуриет университети жазгы семестрге кабыл алууну баштады

Башкы Жарыялар

Түркиядагы Сивас Жумхуриет университети жазгы семестрге кабыл алууну баштады

Түркиядагы Сивас Жумхуриет университети 2022-2023-окуу жылынын жазгы семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады.
Академиялык мобилдүүлүк программасы ОшМУ жана Сивас Жумхуриет университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында ишке ашат.

Негизги шарттар жана талаптар:
1. Түрк тилин В2 деңгээлде билүү;
2. Сивас Жумхуриет университетинде окуу акысыз;
3. Жатакана айына кыздар үчүн 400 лира (болжолдуу 2мин сом) , балдар үчүн 1600 лира (болжолдуу 8миң сом)
5. Жол акы жана башка жеке чыгымдар студенттин өз эсебинен.
Дедлайн: 24.01.2023

Программанын координатору:
Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк
тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн окутуучусу Айнура
Досуевна Кулназарова.
Байланыш номери: 0709440530
Электрондук дарек: akulnazarova@oshsu.kg

Толугураак маалымат: https://www.cumhuriyet.edu.tr/