ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин деканын шайлоо өтөт

Башкы Жарыялар

ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин деканын шайлоо өтөт

2023-жылдын 25-мартында, саат 10-00дө ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин декандык кызмат ордуна конкурстук шайлоо аталган факультеттин 206-каанасында өткөрүлөт. Шайлоого талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор жана талапкерлердин арыздары жана талап кылынуучу документтери 2023-жылдын 23-мартына саат 17-00гө чейин ОшМУнун башкы имаратынын №128 каанасында кабыл алынат.

Декандык кызматка көрсөтүлгөн же өзүн-өзү көрсөткөн кызматкерлерге коюлган талаптар:

–жогорку квалификациялуу, тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы жана наамы бар, илимий-педагогикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбалуу адистер болушу зарыл. 

                                                                                                           

Уюштуруу комитети