2023-2024-окуу жылынын күзгү семестрине Франциянын Пуатье университетине Эразмус + программасына катышуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
Талаптар:
Француз тилин B1+ же B2 деңгээлинде билүү
Чет тилдерди билүү (англис тили жана француз тили)
Жакшы академиялык көрсөткүч: 3төн жогору GPA
1-2-3-курс бакалавр жана магистратуранын 1-курсунун студенттери кабыл алынат.
Керектелүүчү документтер:
1.Резюме
2. Сертификат (чет тилдерин, анын ичинде француз тилин, билүүсү жөнүндө тастыктоочу сертификат )
3.Трансрипт
4.Мотивациялык кат
5.Коштоочу кат.
Кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 26-апрель.
Толук маалымат алуу үчүн эл аралык байланыштар департаментине кайрылыңыз.
Биздин дарек: Ош мамлекеттик университетинин Борбордук китепканасы, 203-кабинет.
Байланыш үчүн телефон: +996 3222 7 09 97,
Электрондук дареги: ird@oshsu.kg
Бул маалыматты студенттер арасында жайылтууга жардам берүүңүздөрдү суранабыз.