БУЙРУК
ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы ваканттык кызмат ордуна шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кафедра мүчөлөрүнүн даттануусун иликтөө комиссиясыныны 4-пунктунда берилген сунушу боюнча төмөндөгүдөй буйрук кылам:
2023-жылдын 2-май айындагы № 13 (1603) санындагы «Ош шамы» газетасына педагогика жана психология факультетинин башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы ваканттык кызмат ордуна чыккан жарыя боюнча аталаган кафедрага КРдин Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтомун эске алуу менен талапкерлердин арыздарын жана тиешелүү документтерин кабыл алуу этабынан баштап улантылсын жана шайлоону өткөрүү маселеси 2023-2024-окуу жылындагы ОшМУнун № 1 Окумуштуулар кеңешинде кайрадан өткөрүлсүн.
ОшМУнун ректору, профессор К. Г. Кожобеков