Туркиянын Анкара шаарындагы Middle East Technical University профессору математика боюнча лекция жана семинар өтөт.

Башкы Жарыялар

Туркиянын Анкара шаарындагы Middle East Technical University профессору математика боюнча лекция жана семинар өтөт.

ОшМУда 21.09.23-30.09.23 күндөрү Туркиянын Анкара шаарындагы Middle East Technical University профессору Марат Ахмет бакалавр, магистратура, аспирантура жана PhD багытында окугандар  үчүн математика боюнча лекция жана семинар өтөт.

Профессор Марат Ахметтин Скопустун базасындагы макалаларынын саны 185, Хиршасы 25, Google академиядагы индекс Хиршасы 32, макалаларынын саны 4067. Негизги илимий изилдөө багыты дифференциалдык теңдемелер, функционалдык анализ, математикалык моделдөө. Жалпы 20 сааттын тегерегинде бакалавр, магистрант, аспирант жана PhD багытында окугандар үчүн  лекция жана семинар өтүп берет. Мүмкүнчүлүктөн  пайдаланып илимий байланыш түзүп алсаңыздар болот. Кененирээк  маалыматты алуу үчүн +996773299170 ватсап номерине кайрылсаңыздар болот.

PS. ОшМУнун кызматкерлери үчүн Scopus базасына толук уруксат алынган.