ОшМУнун Бизнес паркы студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды жана жаш окумуштууларын 10-тренингге чакырат

Башкы Жарыялар

ОшМУнун Бизнес паркы студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды жана жаш окумуштууларын 10-тренингге чакырат

Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду жана Ош мамлекеттик университинин Бизнес Паркы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана стартаптарды колдоо программасына катышуу үчүн өтүнмөнүн (заявка) формасы.

 

Бул сурамжылоону толтуруу аркылуу сиз "Жергиликтүү өнүгүү" долбоорунун жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын окуу иш-чарасына катышуу үчүн өтүнмө таштаган болосуз. Эгерде Сиздин идея тандап алуу комиссиясына жакса, анда Сиз бир жумалык акысыз бизнес-тренингке чакырыласыз. Окутуу 25-сентябрдан 30-сентябрга чейин 6 күнгө созулуп, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарында ОшМУнун Бизнес Паркында болуп өтөт. Окутуунун 6-күнү (30-сентябрь) бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тобу тарабынан эң мыкты деп табылган бизнес-идеяларга долбоор тарабынан $2,000 доллар суммасында колдоо көрсөтүлөт.

 

Бизнес-идеяңызды так жана түшүнүктүү кылып жазыңыз. Бизнес идеям жашыруун, өтсөм айтып берем, жолукканда айтып берем, кийин билип аласыз, идеямды сатып жибересиз деген варианттар болбойт. Эмне үчүн Сиз ушул тренингке катышышыңыз керек так жазып далилдеп бериңиз.

 

Программага катышуу 100% бекер, ошондой эле долбоор тарабынан таркатуучу материалдар жана тамак-ашка байланыштуу бардык чыгымдар каралган.

 

Суроолор болсо 0772 750 705 (Эрлан), 0550 085 530 (Айтмамат) номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.

 

Тренингге катышууга өтүнмө таштоо үчүн төмөнкү шилтемени колдонуңуз:

https://forms.gle/mfzdfxouCuUBcHdW8