ОшМУда өтүүчү БУУнун Модели аталышындагы конференция каттоо жүрүп жатат

Башкы Жарыялар

ОшМУда өтүүчү БУУнун Модели аталышындагы конференция каттоо жүрүп жатат

6-декабрда  ОшМУда БУУнун Модели аталыштагы конференция өтөт. Бул симуляциялык конференцияда студенттер БУУдагы мамлекеттердин делегатынын ролун ойнойт. 
Конференцияга катышуу студентке кандай пайда берет? 
1) Чет өлкөгө окууга тапшырууда күчтүү резюме болуп берет. 
2) Стипендия (университеттик, атуулдук, Ош шаарынын мэринин, президенттик стипендиялар) алууга жардам берет.
3) Аналитикалык ой-жүгүртүүгө үйрөтөт.
4) Резолюция, меморандум ж.б документтерди туура жазууга үйрөтөт (анткени документтерди туура жазуу дүйнөдөгү бардык компанияларда, мамлекеттик мекемелерде жогору бааланат).
5) Өз оюн туура жана так аргументтер менен айтууга үйрөтөт.
6) Логиканы жана оратордук чеберчиликти өнүктүрөт.
7) Модель БУУ элге чыгып сүйлөөгө, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө үйрөтөт.
8) Жаңы досторду жана байланыштарды табууга жардам берет
9) Конкуренцияга жөндөмдүү болууга үйрөтөт.
 Делегаттар ар бир факульттен анкетирлөө жолу менен, комиссия тарабынан тандалып алынат. Гугл формада мотивациялык кат жазуусу керек жана башка суроолорго жооп берүүсү талап кылынат. Эң башкысы симуляциялык оюнга катышуу эч кандай тажрыйбаны талап кылбайт.
Конференцияда 5 номинация ойнотулат жана ал номинациялар мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга берилет. Кененирээк маалымат алуу үчүн жобо менен таанышсаңыз болот. Катышуучулар тандалгандан кийин, даярданууга материалдар берилет. Атайын даярдоочу конференция уюштурулат.
Уюштуруу тобу:
ОшМУ,
“Инклюзивдик өсүү” коомдук фонду
 0707513333 Арипов

 

 

Жобо