Ош мамлекеттик университети илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга изденүүчүлөрдү тиешелүү адистиктер боюнча  конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт.

Башкы Жарыялар

Ош мамлекеттик университети илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга изденүүчүлөрдү тиешелүү адистиктер боюнча  конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт.

ОшМУнун ректорунун 2023-жылдын 15-декабрындагы № 7114-ФХД/23 буйругу менен (ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 12-декабрындагы №4 протоколу) Ош мамлекеттик университети илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга изденүүчүлөрдү тиешелүү адистиктер боюнча  конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт.

Кабыл алуу ОшМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 15-декабрынан баштап 2024-жылдын 2-февралына чейин жүргүзүлөт.

Аспирантура жана докторантура бөлүмү, ОшМУнун №15 окуу корпусу (Борбордук китепкана), 103-каана, тел.: 7-28-12

Талап кылынган документтердин тизмеси:

1. Ректордун атына жазылган арыз, арызга диссертациянын темасы, илимий адистигинин шифри, илимий кеңешчисинин аты-жөнү, анын окумуштуулук даражасы, наамы, докторлук диссертациясынын илимий адистигинин шифри көрсөтүлөт. Арызга ректордун же илимий иштер боюнча проректордун визасы коюлат.

2. Диссертациянын илимий багыты боюнча профили туура келген кафедранын чечиминен көчүрмө, кафедра башчысынын жана катчысынын колу менен тастыкталышы керек, алардын кол тамгалары ОшМУнун кадрдык бөлүмү тарабынан тастыкталышы керек.

3. Тиешелүү факультеттин Окумуштуулар кеңешинин чечиминен көчүрмө, Окумуштуулар кеңешинин төрагасынын жана катчысынын колу менен тастыкталышы керек.

4. Диссертациянын план-проспектиси, анын үстүнөн иштөө этаптары көрсөтүлүш керек (докторлук диссертация үчүн – 5 жылга), диссертациянын темасынын актуалдуулугу, илимий жаңылуулугу, максаттары деген пункттарын көрсөтүү менен.

5. Илимий кеңешчиси тарабынан жазылган макулдук каты. Анын кол тамгасы иштеген жериндеги кадрдык кызматы тарабынан тастыкталышы керек.

6. Изденүүчүнүн кандидаттык диссертациясын коргоого чейинки жана коргоодон кийинки илимий эмгектеринин тизмеси. Тизме автордун, окумуштуу катчынын кол тамгалары, ЖОЖдун гербдик мөөрү менен тастыкталышы керек.

7. Илимдин кандидаты жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.

8. Изденүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү, анын телефон номерлери көрсөтүлүш керек.