Түркиянын Нииде Омер Халисдемир университети алмашуу программасына кабыл алууну 12-январга чейин узартты

Башкы Жарыялар

Түркиянын Нииде Омер Халисдемир университети алмашуу программасына кабыл алууну 12-январга чейин узартты

Нииде Омер Халисдемир университети 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестрине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерди кабыл алууну  баштады. Документтер медицинадан башка бардык багыттарга жана профилдерге кабыл алынат. Орундардын саны чектелген.
Негизги шарттары:
1. Түрк тилин В2 деңгээлинде билүү;
2. Окутуу бекер;
3. Жатакана берилет (айына 100 доллардан төлөнөт, танкы жана кечки тамагы менен);
4. Жол кире жана башка чыгымдар студенттин эсебинен;
5. https://www.ohu.edu.tr/  сайтынан университет тууралуу маалымат ала аласыз.  
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 12.01.2024
Программанын координатору: ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарова. 
Биздин дарек: ОшМУнун борбордук китепканасы, 302 каана.
Болжол: ОшМУнун башкы имараты
e-mail: akulnazarova@oshsu.kg