ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаменти 2021-2022- окуу жылына PhD докторантурага төмөнкү багыттар боюнча кабыл алууну жарыялайт:
• 560100 “Коомдук саламаттык жана медицина”
• 510100 “Математика”
КРдин БжИМ Лицензия номери № G2018-0003 17.05.2021-жыл
Окуунун түрү – күндүзгү
Окуунун мөөнөтү 3 жыл
Керектелүүчү документтер:
• Арыз (форма боюнча);
• Резюме;
• Паспорттун көчүрмөсү;
• Бардык жогорку билим тууралуу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
• Диссертациянын алдын ала темасынын кыска негиздемеси;
• Кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
• Эмгек китепченин көчүрмөсү;
• Илимий эмгектердин тизмеси (эгер бар болсо)
Жылдык төлөм:
- “Коомдук саламаттык жана медицина” багыты боюнча - 39 000 сом
- “Математика” багыты боюнча – 32 000 сом
Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 25-августуна чейин жүрөт.
Суроолор боюнча төмөнкү даректерге байланышсаңыздар болот:
1) Р.Калматов (“Коомдук саламаттык жана медицина” багыты боюнча)
+996(770) 450-654
2) Д.Турсунову (“Математика” багыты боюнча)
КЕФ, 315 каб., +996 (773) 299-170