Студенттердин эсине: ОшМУнун “Атуулдук стипендиясына” тандоо башталды

Башкы Жарыялар

Студенттердин эсине: ОшМУнун “Атуулдук стипендиясына” тандоо башталды

Өлкөдө эң ири өлчөмдө студенттерге стимул болуучу стипендия болуп саналган  ОшМУнун “Атуулдук стипендиясына” тандоо башталды.

Студенттерди тандоо конкурстун негизинде жүрөт.  Окуу жайдын «ОшМУнун мыкты студенти»   конкурсу жөнүндө Жобосуна (21-бюллетень) ылайык конкурс 2 этап менен өтөт. 1-этап факультеттик деңгээлде, 2-этап университеттик деңгээлде болот.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

•        Окуудагы жетишкендиктери, логикасы жана сабаттуулугу;

•        Илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери;

•        Ойлоп табуучулук, жаратмандык жана чыгармачылык потенциалы;

•        Коомдук жана социалдык жоопкерчилиги, лидердик потенциалы, уюштуруучулук сапаты, студенттик өзүн-өзү башкаруу жаатында бааланат.

Конкурстун ар бир жеңүүчүсүнө айына 8000 сомдон стипендия чегерилет жана бир жыл бою берилет. Жалпы 10 студентке 800 000  сом өлчөмүндө стипендия берилет. Аталган номинациялар боюнча конкурстун биринчи этабы 2021-жылдын 15-октябрынан 30-октябрына чейин өтөт.

Конкурстун экинчи этабы 1-ноябрдан 6-ноябрга чейин уюштурулуп жыйынтыгы чыгарылат. “Атуулдук стипендия”  2021-жылдын 10-ноябрында тапшырылат. 

Конкурска ОшМУнун күндүзгү бөлүмдөрүнүн 3-6 – курстарында  “эң жакшы” бааларга окуган  же GPI 3,8 ден жогору болгон студенттер катыша алышат.

Документтерди ОшМУнун башкы имаратынын 121-кабинетине тапшыруу зарыл.