2021-жылдын 20-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун салтанаттуу ачылышы болот

Башкы Жарыялар

2021-жылдын 20-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун салтанаттуу ачылышы болот

Борбор Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында жана Ош Мамлекеттик Университети менен өнөктөштүктө ачылууда

Борбордун ишмердүүлүгү жаштардын, мугалимдердин, журналисттер жана жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, аларды активдүү коомдук иштерге тартууга; адамдардын ортосундагы байланышты тереңдетүү, стереотиптер менен күрөшүү, ишенимди калыптандыруу жана толеранттуулукту жайылтуу үчүн чек аралар аралык жана көп тараптуу диалогго көмөктөшүүгө багытталат.

Борбордун ачылышы гибриддик форматта өтөт. Шилтеме аркылуу ачылышка онлайн туташсаңыз болот:https://us02web.zoom.us/j/88008871262?pwd=bEdERVY5NXVxb2xZSXRZc3RZNHZxQT09&fbclid=IwAR2s5KY-X5JwNKoMPibJ4rXnA2CRzWJO7cCYumokVLhdApX9c3MnPVpou7E#success 

Биз менен биргеликте кызыктуу убакыт өткөрүңүздөр!

Instagram: https://www.instagram.com/tolerancenter/

Facebook in KG: https://www.facebook.com/tolerancenter

Facebook in UZB:  https://www.facebook.com/tolerancenterinUZB

Twitter: tolerancenterCA 

#toleranceinCA #tolerancenter #EU4CA #EUForeignPolicy

Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоору.

Долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонддун жетекчилиги алдындагы консорциум тарабынан үч улуттук өнөктөш: “БИОМ” экологиялык кыймылы (Кыргызстан), “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана “Гендер жана Өнүгүү” коомдук уюму (Тажикстан) менен биргеликте жүзөгө ашырылууда