Борбордук Азиядагы Америка университетине мобилдүүлүк программасы боюнча кабыл алуу башталды

Башкы Жарыялар

Борбордук Азиядагы Америка университетине мобилдүүлүк программасы боюнча кабыл алуу башталды

Борбордук Азиядагы Америка университети  2021-2022-окуу жылынын жазгы семестрине студенттерди кабыл алууну баштады. Окуу процесси аралаш форматта: онлайн жана офлайн уюштурулушу мүмкүн. Аталган окуу жайда төмөнкү адистиктер бар:

Бакалавриат жана магистратура  боюнча:

  • Колдонмо математика жана информатика
  • Бизнести башкаруу
  • Экономика
  • Европотаануу
  • Юриспруденция
  • Эл аралык мамилелер
  • Журналистика
  • Психология
  • Социология
  • Программалык камсыздоо

Кабыл алуу 25-ноябрга чейин жүрөт.

Берилген орундардын саны – 5.

2-3-курстун студенттери жана 1-курстун магистранттары катыша алат.

Окуу акысыз. Жатакананы студенттер өздөрү табышат.

Эскертүү: Катышууну каалагандар комплестүү медициналык кароодон өтүшөт жана англис тилин жогорку деңгээлде билүүлөрү зарыл.

Биздин дарек: Кыргыз-европа факультети, 203-кабинет. Байланыш үчүн телефондор: 0772 45-71-19 (ватсап), 0500 45-71-19, 0559 03-03-87.