Алматы энергетика жана байланыш университети студенттерди жана магистранттарды жазгы семестрге кабыл алууну баштады. Аталган университетте төмөнкү багыттар бар:
• Информатика
• Информациялык система
• Эсептөө техникасы жана программалык камсыздоо
• Программалык инженерия
• Электроэнергетика
• Электроэнергетикалык система
• Радиотехника, электроника жана телекоммуникация
• Автоматизация жана башкаруу
• Инженерия чөйрөсүндөгү ишкердик
Кабыл алуу 26-декабрга чейин жүрөт.
Берилген орундардын саны – 5.
2-3-курстун студенттери жана 1-курстун магистранттары катыша алат.
Окуу акысыз. Бардык шарты бар жатакананын бир айлык баасы 50 АКШ доллары.
Калган чыгымдарды студенттер өздөрү төлөшөт.
Биздин дарек: ОшМУнун илимий китепканасы жайгашкан имарат, 203-кабинет. Башкы имараттын жанында.
Байланыш үчүн телефондор: 03222 7-09-97. Электрондук дарек: oshsu.oms@gmail.com
Академиялык мобилдүүлүккө катышууну каалагандар факультеттердин декандарынын эл аралык байланыштар боюнча орун басарларына кайрылып, катталып койсоңуздар да болот.