Алматы шаарындагы Казак улуттук университети студентер менен магистранттарды жазгы семестрге кабыл алууну баштады. Аталган университетте төмөнкү факультеттер бар:
Биология и биотехнология
Тарых
Чыгыштаануу
География жана жаратылышты пайдалануу
Информациялык технологиялар
Механика-математика
Юридика
Экономика жана бизнес жогорку мектеби
Журналистика
Филология
Физика-техника
Эл аралык мамилелер
Химии жана химиялык технологиялар
Педагогика жана психология
Социалдык иш
Медицина жана саламаттыкты сактоо
Кабыл алуу 26-декабрга чейин жүрөт.
Берилген орундардын саны – 5.
2-3-курстун студенттери жана 1-курстун магистранттары катыша алат.
Окуу акысыз. Жатакана боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Калган чыгымдар студенттердин өздөрүнөн.
Биздин дарек: ОшМУнун илимий китепканасы жайгашкан имарат, 203-кабинет. Башкы имараттын жанында.
Байланыш үчүн телефондор: 03222 7-09-97. Электрондук дарек: oshsu.oms@gmail.com
Академиялык мобилдүүлүккө катышууну каалагандар факультеттердин декандарынын эл аралык байланыштар боюнча орун басарларына кайрылып, катталып койсоңуздар да болот.