Сивас Жумхурийет университети академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну 10-февралга чейин узартты

Башкы Жарыялар

Сивас Жумхурийет университети академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну 10-февралга чейин узартты

Туркиянын Сивас Жумхурийет университети 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады.

ОшМУ жана Сивас Жумхурийет университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында ишке ашат.

Негизги шарттар жана талаптар:

1. Түрк тилин В2 деңгээлде билүү;

2. ОшМУдагы келишим акыны  80-100 пайыз төлөө;

3. Сивас Жумхурийет университетинде окуу акысыз;

4. Жатакана төлөмү кыз балдар үчүн айына 500 лира (мамлекеттик

жатакана), ал эми эркек балдар үчүн кеминде 700 лира (менчик

жатакана);

5. Жол акы жана башка жеке чыгымдар студенттин өз эсебинен;

6. Кампус (университет жайгашкан шаарча) Сивас шаарынан 7 км

алыстыкта жайгашкан;

7. Шаардык муниципалитетке тиешелүү автобустардын акыркы аялдамасы

кампус болуп эсептелет;

8. Кампуста, университет ашканасында түшкү тамак баасы 3 лира;

9. Вакцина алган студенттер Q-kodу болгон эл аралык сертификатты

шилтемеден онлайн алса болот: https://vc.emed.gov.kg/Certificate/IndexAll

10. Вакцина албай турган студенттер Түркиянын мыйзамына байланыштуу

жумасына 2 жолу ПЦР тест тапшырап турушат же ЖУда вакцина алыш

керек болот;

11. Студенттин жалпы жарандык паспорту (загран) болуш керек жана

паспорттун бүтүү мөөнөтү Түркияда окуу мөөнөтүнөн сырткары 60

күндөн ашык болуусу керек;

12. 300-350 лирага страховка жана чет элдик жарандарынын ID (икамет)

картасы алынат;

Дедлайн: 10.02.2022

Программанын координатору:

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк

тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн улук окутуучусу Айнура

Досуевна Кулназарова.

Байланыш номери: 0709440530

https://www.cumhuriyet.edu.tr/