Евразия улуттук университети мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерди жана магистранттарды кабыл алат

Башкы Жарыялар

Евразия улуттук университети мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерди жана магистранттарды кабыл алат

Казакстандын Нурсултан шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети студентерди жана магистранттарды жазгы семестрге кабыл алууну баштады. Аталган университетте төмөнкү багыттар бар: 

Математика (билим берүү)

Физика

Математикалык жана компьютердик моделдөө

Информатика (билим берүү)

Информатика (табигый илимдер)

Автоматташтыруу жана башкаруу

Маалымат системалары

Эсептөө жана программалык камсыздоо

Химия (табигый илимдер)

Химия

Биология (табигый илимдер)

Экология

Биология

География (табигый илимдер)               

Дизайн (5 жылдык билим берүү)           

Орус тили жана адабияты

Чет тилдер: экинчи чет тили  (англис тили)

Чет тили: экинчи чет тили (немец тили)

Немец тили

Котормо иши

Чет элдик филология: (кытай)

Эл аралык байланыштар

Чыгыш таануу

Тюркология

Чет элдик филология: түрк тили (англис тилин билүү менен)   

Аймак таануу

Юриспруденция

Дүйнөлүк тарых

Эл аралык укук

Экономика

Менеджмент

Бухгалтердик эсеп жана аудит

Финансы

Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу

Туризм     

Дене тарбия жана спорт

Дүйнөлүк тарых

Социология

Психология

Социалдык иш

Басма иши

Адабият

Политология

Журналистика

Коомчулук менен байланыш

Тарых (гуманитардык илимдер)

Археология жана этнология

 

Кабыл алуу 27-январга чейин жүрөт.

Окуу Евразия улуттук университетине 6-февралдан башталат.

Берилген орундардын саны – 60.

2-3-курстун студенттери жана 1-курстун магистранттары катыша алат.

Окуу жана жатакана акысыз. Жатаканада бардык шарттар бар.

Калган чыгымдар студенттердин өздөрүнөн.

Эскертүү: Жатаканада жашоону каалагандар сөзсүз түрдө вакцина алышы зарыл.

Биздин дарек: мурунку кыргыз-европа факультети, 203-кабинет. Болжол: Башкы корпус. Байланыш үчүн телефондор: 03222 7-09-97. Электрондук дарек: oshsu.oms@gmail.com

 

Академиялык мобилдүүлүккө катышууну каалагандар факультеттердин декандарынын эл аралык байланыштар боюнча орун басарларына кайрылып, катталса болот.