ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата волейбол боюнча окуу жайлар аралык турнир өтөт

Башкы Окуялар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата волейбол боюнча окуу жайлар аралык турнир өтөт

Image

Урматтуу жогорку окуу жайлардын кызматкерлери –агай-эжекелер! Сиздерди Ош мамалекеттик университетинин 85 жылдык мааракесина карата өтүп жаткан волейбол боюнча окуу жайлар аралык турнирге чакырабыз! 

Турнир жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин ортосунда  40 жашка чейинки жана андан жогорку категорияда өтөт. 

Чарчы аянттагы кызыктуу беттештер 1-март күнү ОшМУнун спорттук базасында старт алат. 
Келип, күч сынашып, достук-ынтымакты, сергек жашоо образын даңазалап кетиңиздер!

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, ректордун кубогу ыйгарылат. 
 
Байланыш телефону: 0557 77 77 11 
 
ОшМУ – биз менен дүйнөнүн эшигин ач!