Медициналык клиникада "Кардиохирургия" бөлүмү ачылат

Башкы Окуялар

Медициналык клиникада "Кардиохирургия" бөлүмү ачылат

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата медициналык  клиникада  "Кардиохирургия" бөлүмү ачылат

Ачылуу аземинин алкагында "Жаңы чакырыктар: медициналык билим берүүдө жана практикада инновациялык технологиялар” аттуу эл аралык конференция өтөт.

Заманбап кардиохирургия, кардиология, хирургия жана эндовидеохирургия урологиядагы актуалдуу маселелер боюнча практиктер, аспиранттар, докторанттар жана ординаторлор тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Медицинадагы заманбап технологиялар, илимий ачылыштар сизди күтөт. Жеринде күбө болуңуз!