Кургак учукка каршы күрөшүү иш-чарасы өтүүдө

Башкы Окуялар

Кургак учукка каршы күрөшүү иш-чарасы өтүүдө

Image

Сиз шаңдуу маанайдын деңизине түшүүгө даярсызбы?  Анда Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен ОшМУ  биргеликте университеттин башкы имаратында уюштурулуп жактан  иш-чарага чакырат.

Мында  кургак учук менен күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында сиздерди
• Баалуу байгелерди утуп ала турган викториналар жана сынактар менен укмуштуудай акциялар! 
• Кан басымыңызды, боюңузду, салмагыңызды жана кандагы канттын деңгээлин текшере турган ден соолук бурчтары күтөт.

Ден соолугуңуз үчүн маанилүү иш жасоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз жана кургак учукка каршы күрөшүбүзгө кошулуңуз! Баарын катышууга жана бирге унутулгус маанай жаратууга чакырабыз! 
Ал эми биздин иш-чаранын максаты – жөн гана убакыт өткөрүү эмес, калк арасында кургак учук тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана дискриминацияны азайтуу, ошондой эле бул оору менен ооругандарды эрте аныктоо жана дарылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. 
Сиздерди ОшМУнун башкы имаратында күтөбүз! Бирге биз жеңилбеспиз!