Памуккале университети медицина факультетинин 4-5-6-курстарынын студенттерин университеттин ооруканаларынан такшалууга (стажировкага) чакырат. Орундар чектелген.
Негизги шарттар жана талаптар:
- Стажировка 15-июлдан 28-июлга чейин болот
- Жатакана (акы төлөнүүчү) берилет (баасы такталып жатат)
- Түрк тилин В2-С1 деңгээлде билүү
- GPA 3төн жогору
- Жол акы жана башка жеке чыгымдар студенттин өз эсебинен
- Толук маалымат https//www.pau.edu.tr сайтында.
- Дедлайн: 20.05.2024
- Программанын координатору: ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Досуевна Кулназарова
- Дарегибиз: ОшМУнун борбордук китепканасы, каб., 302
- Болжол: ОшМУнун башкы имараты
- e-mail: akulnazarova@oshsu.kg