Ош шаарында өтүүчү “AI CITY HACKATHON - Жасалма интеллекттүү акылдуу шаар” хакатонуна каттоо

Башкы Окуялар

Ош шаарында өтүүчү “AI CITY HACKATHON - Жасалма интеллекттүү акылдуу шаар” хакатонуна каттоо

Image

🟢 «Жасалма интеллекттүү акылдуу шаар» хакатону 🟢

Өткөрүлө турган күндөрү: 2025-жылдын 24–31-январы

Форматы: Онлайн/оффлайн

2025-жылдын 30-31-январында Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусундагы ЧАЗда болот, Ош шаары, Ленин көчөсү 331.

🎁 Байге фонду 1000$ жана долбоорлорду мындан ары колдоо мүмкүнчүлүгү

❗️Каттоо мөөнөтү: 15-январь❗️

💭 Хакатон тууралуу:

Сиз жана сиздин команда акылдуу шаарлар үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыга турган хакатонго кошулуңуздар. 9 күндүн ичинде сиз заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуп, шаардык чөйрөнү жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн чыныгы маселелердин үстүндө иштейсиздер.

💭 Хакатондун максаты:

* Жасалма интеллектти колдонуу менен жашоонун сапатын жакшыртуу жана тургундар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн акылдуу шаар түзүү.

* Шаар жашоосун жакшыртуу.

* Шаардын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу.

* Туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү (экологиялык, каржылык, логистикалык).

* Жергиликтүү бийлик органдарынын ишин оптималдаштыруу үчүн маалыматтарды колдонуу.

* Технологиялар: Жасалма интеллект (AI), Интернет кызматтары (IoT), Big Data.

 

👥 Кимдер катыша алат?

* Программисттер

* Дизайнерлер

* Аналитиктер

* Инженерлер

* Студенттер

* Стартап негиздөөчүлөр

* Жасалма интеллект чечимдерин түзүүгө кызыккандар.

🏙️ Хакатондун темалары:

* Аба булганышы: Компьютердик көрүүнүн аба булгануунун булактарын аныктоочу технологиялары.

* Жол кыймылын башкаруу: Жол кыймылын түшүнүү, алдын ала божомолдоо жана азайтуу үчүн моделдер, шаарлардагы токтотуучу жайларды издөө жана жол жүрүү убактысын кыскартуу үчүн компьютердик көрүү технологиялары, ошондой эле коомдук транспорттун көйгөйлөрүн чечүү.

* Инфраструктура: Имараттардагы жана курулуштардагы энергия натыйжалуулугун өлчөө.

* Курулуш: Курулуш жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылуу (виртуалдык реалдуулук, компьютердик көрүү).

* Жарандардын катышуусу: Жарандарды чечим кабыл алуу процесстерине жана коомдук демилгелерге натыйжалуу тарткан платформалар.

* Калдыктарды башкаруу: Таштандыларды сорттоо жана азайтуу үчүн платформа.

* Ресурстарды башкаруу: Үйдү акылдуу башкаруу, энергияны үнөмдөө жана суу пайдаланууну жогорулатуу.

* Юридикалык система: Юридикалык системаны карталоо, мыйзамдарды салыштыруу жана карама-каршылыктарды алдын алуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу.

* Коопсуздук: Аялдарды коргоо жана сексуалдык зомбулук сыяктуу кылмыштарды алдын алуу үчүн санариптик чечимдер.

📝 Хакатондун программасы:

2025-жылдын 24–29-январы (онлайн)

Онлайн билим берүү сессиялары

Долбоорлордун үстүнөн иштөө

2025-жылдын 30-январы (оффлайн)

Панелдик сессия

Ментордук колдоо

Алдын ала питчинг

2025-жылдын 31-январы (оффлайн)

Финалдк питчинг:

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 🏆

🎁 Катышуунун артыкчылыктары:

* 1000$ байге фонду жана долбоорлорду андан ары колдоо мүмкүнчүлүгү.

* Стартап түзүү боюнча эксперттик курстарга жана тармак лидерлеринин менторлугуна мүмкүнчүлүк алуу.

* Продукт менеджменти жана AI-продукттарын түзүү боюнча түз эфирлер, акылдуу шаарлардын ийгиликтүү стартаптары менен панелдик талкуу.

* Жакшылардан үйрөнүү жана өз ийгиликтүү бизнесиңизди түзүү мүмкүнчүлүгү.

* Жасалма интеллектти колдонуу менен актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү.

* Алдыңкы эксперттерден кеңеш алуу.

 

Катышуучуларга талаптар:

Курагы: 16 жаштан жогору болушу керек.

Командалар: 2–4 адам, кеминде бир программист.

Тема: продукт хакатондун темасына шайкеш келиши керек.

Жабдуулар: жеке ноутбуктар, интернетке жана жумушчу орундарга жеткиликтүүлүк камсыздалат.

Каттоо: милдеттүү.

Презентация: 2 мүнөт.

Суроолорго жооп берүү: 2 мүнөт.

🔗 Азыр катталып, акылдуу шаарлардын келечегинин бир бөлүгү болуңуз!

Каттоо шилтемеси: https://forms.gle/idxxujor5MdKQXfm6

 

Биз сизди Ош шаарында күтөбүз!

Урматтоо менен, ОшМУнун Бизнес паркынын командасы