ОшМУда «Глобалдык акча жумалыгы – 2026» жарманкеси өтөт

Башкы Окуялар

ОшМУда «Глобалдык акча жумалыгы – 2026» жарманкеси өтөт

Image

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган «Глобалдык акча жумалыгы – 2026» аттуу жарманке Ош мамлекеттик университетинде өтөт. 

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган пайдалуу маалыматтар сунушталып, аманаттарды коргоо системасы, финансылык алдамчылыктардан сактануу жолдору жана ишкердикти кантип баштоо керектиги тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилет. Ошондой эле студенттер үчүн атайын белектер каралган.

Жарманке 2026-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө ОшМУнун башкы имаратында өтөт.

Бардык каалоочуларды иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз!