Экономикадагы жаңы чакырыктар боюнча конок лекция өттү

Башкы Окуялар

Экономикадагы жаңы чакырыктар боюнча конок лекция өттү

Image

ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент багытындагы студенттери үчүн Орусиянын Тамбов мамлекеттик университетинин профессору Игорь Кузнецов 3-апрелде конок лекция окуду. 

Ал дүйнөлүк экономиканын учурдагы өнүгүү тенденциялары, глобалдашуу шартындагы чакырыктар, санариптик трансформация жана инновациялык экономиканын ролу тууралуу маалымат берди. Ошондой эле туруктуу өнүгүү, ишкердик чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, заманбап башкаруу ыкмаларына токтолду. Мындан тышкары студенттерге стратегиялык пландоо, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча кеңештерин берди.

Иш-чара институттун 30 жылдык мааракесине карата уюштурулган илимий жумалыктын алкагында өттү.

 

Фото галерея