Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Ош мамлекеттик университети жана Орусиянын Илимий коммуникациялар институту менен биргеликте «Санариптик геоэкономиканын заманбап архитектурасы: финансы, эсеп, менеджмент, инновациялар» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.
Иш-чара 2026-жылдын 19–20-май күндөрү Ош шаарында өтүп, Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун 30 жылдыгына жана белгилүү окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор Жусупжан Тургунбаевдин 70 жылдык мааракесине арналат. Конференциянын алкагында сунушталган илимий макалалар Springer басмасынын китептер сериясында (Scopus базасында индекстелген) жарыяланат.
Конференциянын максаты — санариптик геоэкономиканын алкагында финансы, эсеп, менеджмент жана инновациялар тармагындагы илимий-теориялык негиздерди өнүктүрүү, ошондой эле заманбап маалыматтык коом шартында практикалык чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Иш-чара көп тармактуу форматта өтүп, ар түрдүү илимий багыттагы адистердин катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Конференцияга жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер, магистранттар, PhD-докторанттар, аспиранттар, ошондой эле мамлекеттик жана бизнес өкүлдөрү чакырылат. Катышуу баяндама менен же угуучу катары мүмкүн.
Иш-чара офлайн форматта өтөт, бирок онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Расмий тилдери — кыргыз, орус жана англис тилдери.