SECOM EXPO 2026: ОшМУнун роботтору окуучулардын кызыгуусун жаратты 

Башкы Окуялар

SECOM EXPO 2026: ОшМУнун роботтору окуучулардын кызыгуусун жаратты 

Image

19-апрелде Ош шаарында өткөн SECOM EXPO 2026 кесиптик багыт берүү иш-чарасында окуу жайдын «Next Generation Hub» борборунун роботтору 9-11-класстардын окуучуларынын көңүлүн бурду. 

Иш-чара Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында Secom билим берүү жана өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулуп, ага Ош жана Бишкек шаарларындагы университеттер катышты. 

ОшМУнун Кабыл алуу комиссиясы, окутуучулары, студенттери окуучуларга окуу жайдын ишмердүүлүгү, адистиктер, заманбап билим алуу жана чыгармачылык потенциалды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео презентация менен маалымат беришти. 

Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр үчүн "Сиз Ош мамлекеттик университетин билесизби?" аталышында викторина өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар жана университеттин логотиптери түшүрүлгөн белектер тапшырылды. 









 

Фото галерея