ОшМУда кыргыз тилин заманбап ыкмалар аркылуу окутуу боюнча семинар өтөт

Башкы Окуялар

ОшМУда кыргыз тилин заманбап ыкмалар аркылуу окутуу боюнча семинар өтөт

Image

2026-жылдын 19-майында саат 14:00дө Ош мамлекеттик университетинин 201-жыйындар залында “Кыргыз тилин заманбап ыкмалар аркылуу үйрөтөбүз” аталышындагы семинар уюштурулат.

Семинарды белгилүү адис Алтынбек Исмаилов алып барат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилин окутуунун жаңы методдору, интерактивдүү ыкмалар жана заман талабына ылайык окутуу технологиялары тууралуу маалыматтар сунушталат.

Семинар окутуучуларга, студенттерге жана кыргыз тилин үйрөтүүгө кызыккан бардык каалоочуларга арналат.

Өтүүчү жери: ОшМУ, 201-жыйындар залы
Дата: 19-май, 2026-жыл
Башталышы: саат 14:00

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону:
+996 707 647 902