ОшМУда дуалдык билим берүү программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды

Башкы Окуялар

ОшМУда дуалдык билим берүү программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде 2-июнда дуалдык билим берүү программасын натыйжалуу ишке ашыруу маселелерине арналган жолугушуу өттү. Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов, шаардагы жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана мугалимдеринин өкүлдөрү, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Жолугушууну ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Уларбек Молдояров ачып, дуалдык билим берүү программасы, артыкчылыктары жана жасалып жаткан иштер боюнча айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун директору Олжобай  Шаимкулов жана орус филологиясы бөлүмүнүн дуалдык билим берүү программасынын жетекчиси Диларам Мадаминова баяндама жасап, дуалдык билим берүүнүн артыкчылыктары, аны окуу процессине киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү жана күтүлгөн натыйжалары тууралуу маалымат беришти.
Талкуунун жүрүшүндө билим берүү уюмдары менен жогорку окуу жайлардын кызматташтыгын чыңдоо, студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Белгиленгендей, 2026-жылдын март айынан тартып өткөрүлүп келген семинарларда, тегерек столдордо жана практикалык жолугушууларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду натыйжалуу ишке ашыруу маселелери кеңири талкууланып келген. Бул багыттагы иштер билим берүү менен өндүрүштүк жана практикалык чөйрөнүн өз ара байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дуалдык билим берүү программаларын мындан ары өнүктүрүү, мектептер менен университеттин ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү жана келечектеги биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти. 
Дуалдык билим берүү — теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган заманбап ыкма. Бул ыкма жаштарды келечектеги кесиби менен жакындан тааныштырып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзөт.

Фото галерея