18-июлда абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алуунун биринчи туру башталат

Башкы Жаңылыктар

18-июлда абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алуунун биринчи туру башталат

Image

“2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” КРдин Министрлер кабинетинин  буйругу чыкты. Буйрукта жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктери бекитилген.

18-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал 20-июлга чейин созулат.

 Жалпысынан кабыл алуу процедурасы 3 этапка бөлүнгөн. Экинчи тур 25-июлда башталып  27-июлга чейин, үчүнчү тур 1-августтан 3- августка  чейин өтөт. Кабыл алуу  https://2020.edu.gov.kg/    порталында жүрөт  (порталдан онлайн режиминде тапшыруунун орус жана кыргыз тилдериндеги  видео нускамалары менен да таанышсаңыз болот).

Төмөнкү документтерде буйруктун көчүрмөсү жана  онлайн режиминде тапшыруу нускамасы камтылган.

Онлайн режиминде тапшыруу нускамасы

“2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” КРдин Министрлер кабинетинин буйругу