ОшМУнун кадрлар резерви өткөргөн кезектеги сынактар жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кадрлар резерви өткөргөн кезектеги сынактар жыйынтыкталды

Image

ОшМУнун профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө боюнча1-этаптагы   предметтик тест боюнча сынак тапшыруучулардын жалпы саны 215 катышуучуну түздү. Жыйынтыгында сынактан 70 баллдан жогору алгандардын саны – 72  болсо, ал эми 70 баллдан аз алган катышуучулардын саны 79 , сынакка келбегендердин саны 64.

2-этаптагы педагогика, психология предметтери боюнча сынак тапшыруучулардын жалпы саны 88 катышуучуну түздү. Жыйынтыгында сынактан 70 баллдан жогору алгандардын саны – 50  болсо, ал эми 70 баллдан аз алган катышуучулардын саны 21, сынакка келбегендердин саны 17ни түздү.

Сынактардын I этабы 12-июлда, II этабы 14-июлда болуп өттү деп билдирди Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гулсара Турдубаева.

Фото галерея