ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Башкы Жаңылыктар

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Image

Бүгүн, 18-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды. Биринчи тур 20-июль күнү саат 14.00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй:

- I тур - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

- II тур - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

- IV тур - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

- V тур – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

 

Маалымат булагы: https://edu.gov.kg/posts/669/