ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

Башкы Жаңылыктар

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

Image

Бүгүн, 25-июлда  жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун II туру башталды. Экинчи  тур 27-июль күнү саат 14.00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

 II тур - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин болот.

-  III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

- IV тур - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

- V тур – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин болот.