ОшМУнун 75 кызматкери Ысык-Көлдө акысыз эс алып келишти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 75 кызматкери Ысык-Көлдө акысыз эс алып келишти

Image

Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ысык-Көл областынын Тоң районунун Тон айылындагы "Красная гвоздика" эс алуу борборунда ОшМУнун 75 кызматкери 28-июлдан 2-августка чейин эс алышты.

Эс алуучулар Ысык-Көлгө сууга түшүп, андан сырткары Боз-Салкын, Жети-Өгүз жайлоолоруна да барып кыргыздын керемет кооз жайларында болушту.

Мындай иш-чара ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан окуу жылын ийгиликтүү аяктап,  жаңы окуу жылына кызматкерлерди жаңы дем, жаңы идеялар менен баруусуна шарт түзүү максатында уюштурулган. Кызматкерлер окуу жайдын факультет, колледж, лицей, гимназияларынан жана административдик түзүмдөрүнөн тандалып алынган.

Фото галерея