КР Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу 2022-жылдын 4 августунан башталарын маалымдайт.
Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет: https://edu.gov.kg/posts/724/
“Эл үмүтү” стипендиясы дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн 50 улан-кызга берилет. Ал эми төлөнөр акча көлөмү тандалып алынган университетке жараша суммасы 50 миң доллардан ашпоого тийиш.