Америкалык DevX окуу жайына ОшМУда кабыл алуу башталды

Башкы Жаңылыктар

Америкалык DevX окуу жайына ОшМУда кабыл алуу башталды

Image

Америкалык DevX  окуу жайынын адистери 8-августта ОшМУда жолугушуу уюштурат. DevX  окуу жайы ОшМУ менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT тармагындагы адистерди даярдоо келишимине кол койгон.

Окутуу англис тилинде өткөрүлөт жана окуу мөөнөтү сегиз ай. Учурда аталган окуу курсуна ОшМУда кабыл алуу жүрүп жатат.  Окутуу онлайн болот. Анда дүйнөлүк ири компанияларда иштеген тажрыйбалуу адистер лекция окушат.

Америкалык DevX окуу жайы ушул жылдын 12-июлунда кыргызстандык жети ЖОЖ менен IT адистерин даярдоо боюнча келишимге кол койгон.

8-августта өтүүчү жолугушууга бардык каалоочулар катышса болот.

Курс жөнүндө маалымат алып туруу үчүн шилтемедеги тайпага кошулуңуз: https://chat.whatsapp.com/HnasMauEsfYKPfsiMvaV6H