Америкалык DevX IT мектеби ОшМУда IT адистерин даярдайт

Башкы Жаңылыктар

Америкалык DevX IT мектеби ОшМУда IT адистерин даярдайт

Image

Америкалык DevX  IT мектебинин  адистери ОшМУда профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана IT тармагына кызыккан жаштар менен жолугушту.
Жолугушууда Америкалык DevX  IT мектебинин негиздөөчүсү, Apple компаниясынын менеждери Аскар Мусакунов IT мектеби уюштуруп жаткан окуу курсу боюнча маалымат берди.
Окуу курсу IT тармагы боюнча өтөт. Окутуу англис тилинде онлайн болот. Анда дүйнөлүк ири Apple, Meta, Microsoft компанияларында иштеген тажрыйбалуу адистер   лекция окушат. Мөөнөтү 18 ай. Учурда окуу курсуна ОшМУда кабыл алуу жүрүүдө.
Окуу курсунун бир айлык төлөмү ОшМУ менен КМТУга тапшыргандар үчүн 210 АКШ доллары. Консо́рциумга кирген региондогу ЖОЖдорго тапшыргандар үчүн 110 АКШ доллары.  
Курстун угуучулары башталгыч колдонуучулар да, иштеп жаткан программисттер да квалификацияны жогорулатуу үчүн окутуудан өтө алат. Анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында маалыматтык технологиялар рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээли жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт деп күтүлүүдө.
Америкалык DevX  IT мектеби ушул жылдын 12-июлунда кыргызстандык жети ЖОЖ менен IT адистерин даярдоо боюнча келишимге кол койгон.

Фото галерея