К.Кожобеков: «Жогорку окуу жайларды модернизациялоо инновациялык технологиялардын ролу»

Башкы Жаңылыктар

К.Кожобеков: «Жогорку окуу жайларды модернизациялоо инновациялык технологиялардын ролу»

Image

Бүгүн, 23-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата педагогика кызматкерлеринин республикалык август кеңешмеси өттү.

Мугалимдердин республикалык салттуу конференциясына ОшМУнун ректору К.Кожобеков да катышып, панелдик сессияда «Жогорку окуу жайларды модернизациялоо инновациялык технологиялардын ролу» аталышында баяндама жасады.

Баяндамада 5 жогорку окуу жайга берилген өзгөчө макам,университет 4.0, эл аралык кызматташуу, дүйнөлүк көз карандасыз аккредитация жана рейтингдерге катышуу, ЖОЖ-илим-өндүрүш, инфраструктура, инвестиция жана каржылоо, санарип университет, руханий адеп-ахлак, дене-тарбия-спорт боюнча камтылган.

Август кеңешмесине Министрлер Кабинетинин башчысы А.Жапаров, Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев, ЖОЖдордун ректорлору, республикадагы агартуучулар катышты.

Кечээ 22-августта 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата педагогика кызматкерлеринин август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын I бөлүгү болуп өткөн.

Секциялык иш-чаралар 11 багыт боюнча мастер-класстарды жана билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мекемелерде окуу жылын уюштуруу боюнча нускамалык – методикалык консультацияларды камтыган.

Фото галерея