ОшМУ менен ЕНУ кызматташуу алакаларын талкуулады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен ЕНУ кызматташуу алакаларын талкуулады

Image

ОшМУнун  жана Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин тийиштүү жетекчилеринин ортосунда видеоконференция уюштурулду. Анда
ОшМУда  “Казак таануу”, ЕНУда “Кыргыз таануу” борборлорун ачуу, котормо жана котормо таануу, филологиялык билим берүү (орус тили жана адабияты профили) боюнча кош диплом программасын ишке ашыруу, келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынга казак тараптан стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору  Д.Р. Айтмагамбетов баштаган жамаат ал эми ОшМУдан илимий иштер боюнча проректор Р.Арапбаев, инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Ж.Турсунбаев, эл аралык байланыш департаментинин директору А.Абдувалиев, эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинин директору Д.Турсунов жана бөлүм башчылар катышты.

Онлайн жолугушууда тараптар орус тили адистиги боюнча иштелип жаткан кош диплом программасы боюнча да сүйлөштү. Ошондой эле илимий жаатта жана инвестицияларды тартуу багытында кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди
 
Буга чейин кош дипломдуу билим берүү үчүн “Котормо жана котормо таануу” адистиги боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык тапшырган студенттер 5 семестр ЕНУда окуп, окуунун калган 3 семестрин ОшМУда улантышат. Жыйынтыгында эки окуу жайдын тең дипломдоруна ээ болушат. Студенттер ЕНУдагы окуусу үчүн акы төлөбөйт жана жатаканадан орундар акысыз берилет.

Фото галерея