А.Жапаров ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн I Жаштар форумуна катышууда

Башкы Жаңылыктар

А.Жапаров ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн I Жаштар форумуна катышууда

Image

Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн I Жаштар форуму башталды.
Ага Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда.

Жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер кызматташтыкты өнүктүрүү жана евразия интеграциясын жайылтуу идеяларын талкуулашат.
Иш-чараны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович ачты.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жаштардын аралашуусу КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө Евразия интеграциясынын жаңы векторлорунун бири экенин билдирди.

Фото галерея