Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу пландары бекитилди

Башкы Жаңылыктар

Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу пландары бекитилди

Image

Жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылы сабактар 1-сентябрында башталып, 25-майда аяктайт.

Сабактын узактыгы 1-класста - 40 минутаны, 2-11-класстарда - 45 минутаны түзөт.

1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белги койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда - 1,5 саат, 4-5-класстарда - 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин болушу керек.

Каникулдардын графиги:

күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;

кышкы - 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;

жазгы - 2023-жылдын 20-29-марты.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.

Окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл-чарба иштерине тартууга тыюу салынат.