Студенттер эл аралык тренингге катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер эл аралык тренингге катышты

Image

2022-жылдын 23-26-август күндөрү Алматы шаарында Фергана өрөөнүнүн чектеш аймактарында ар түрдүү маданияттар жана аймактар аралык диалогду илгерилетүү технологияларына үйрөтүү боюнча эл аралык тренинг өттү. 
Ага ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин студенти Айдана Сатыбалдиева жана Эл аралык мамилелер факультетинин студенти Аскар Мамадалиев Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын студенттери менен жаштары катышты. 
Тренерлер 3 күндүн ичинде катышуучуларды билим берүү технологиялары менен тааныштырып, актуалдуу маселелерди конструктивдүү талкуулоо үчүн ачык жана тынч диалог аянтчаларын түзүүгө, жаштарда сынчыл ой жүгүртүү сыяктуу ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы билимдери менен бөлүшүштү.
Окутуудан кийин жаш тренерлер өз аймактарынын жаштары үчүн тренингдерди өткөрүп, “жаштардан жаштарга” модели боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшө тургандыгы пландаштырылган. Бул менен этностор аралык диалог аянтчаларын өнүктүрүүгө түрткү берүү жана жаштардын потенциалын жогорулатуу каралууда. 
Окутуу Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Борбордук Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык үчүн чек аралардагы көп тараптуу диалог” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Фото галерея